Тайырбек Сарпашев акимдерге: "Шайлоого даярдык көрүүдө ката кетирсеңер, силерди "крышаңар" да сактай албайт"

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 25-июлда Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун активдери менен жолугушуп, биометрикалык маалымат топтоого карата акимдердин отчётун укту. Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитовдун билдиришинче, аймактагы 35 433 жашоочунун 33 миңден ашыгы биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Жети-Өгүздө 43 718 тургундун 37 миңи, Түптө 30 000 тургундун 27 миңи өздүк маалыматтарын беришкени айтылды.
Сарпашев жарандардын манжа издери менен идентификациялоо боюнча массалык тестирлөө өткөрүүгө акимдер дайыма даяр турушу керектигин эскертти. "Силерге берилген убакыт бүттү, шайлоочулардын тизмесин даярдоо иштери бүтүшү керек. Каалаган аймакта 100-150 адамга чейин тестирлөөдөн өткөрүшүбүз мүмкүн. Эгер 100 адамдын бешөөсү гана акимдин күнөөсүнүн айынан өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай калышса, анда кызматтан кетүүгө алдын ала даярдана бергиле. Силерди "крышаңар" да сактап кала албайт",- деди Сарпашев.  
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар катыша албай турганы айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан