Ысык-Көл районунда Чоң-Ак-Суу суусуна агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-июль күнү 1962-жылы туулган К.Асанкожоев Чоң-Ак-Суу суусуна агып кеткен. Кечээ, 26-июль күнү куткаруучулар издөө иштерин улантышкан, бирок натыйжа болгон жок.