Кара-Балта шаарында өрт кырсыгы болуп, бир адам түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүндөгү батирде өрт чыгып, бөлмөдө төшөнчүлөр күйгөн. Өрт чыккан жерде үй ээсинин баласы, 1982-жылы туулган Владимир Дианов түтүнгө ууланып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Өрт кырсыгы мас абалында тамеки тартуудан улам келип чыккан.