Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 29 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 29 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт болгон.

Кемин районунун Тайгак капчыгайында белгисиз себептерден улам өрт чыгып, 30 гектар жер күйүп кетти. Аны өчүрүүгө 26 өрт өчүрүүчү жана жергиликтүү тургундардан 24 адам тартылган. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан