Бүгүн, 27-феврдалда ЖКнын жыйынында президент тарабынан сунушталган Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерди шайлоо болду. Аталган кызматка 4 талапкер сунушталган. Бирок шайлоонун жыйынтыгы менен керектүү 80 добушту ала албагандыктан, аталган талапкерлер судьялык кызматка бекитилген жок. Добуш берүүгө 77 депутат катышты.