Алмазбек Атамбаев: "Данияр Нарымбаевге айтып келгем, мен баарын кечирем, бирок уурулукту кечирбейм деп"

Бүгүн, 27-июль күнү президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен болгон жолугушууда "Супер-Инфо" гезити тарабынан берилген суроого жооп берди. 
"Бул окуяны өзүмдүн катачылыгым катары кабыл албайм. Данияр Нарымбаевдин коррупция иштерине шектелип кармалышына байланыштуу соттун жыйынтыгы болмоюнча так, кесе жыйынтык кеп айтууга али эрте. Ал мурунку режимдерде Арбитраждык сотто иштеген, мурдагы байланыштары бар. Аппарат жетекчиси катары жакшы иштеди. Бирок ар бир адамдын талуу жери болот экен. Мен ага, дегеле жетекчилердин баарына айтып келгем, "баарын кечиришим мүмкүн, бирок уурулукту кечирбейм" деп. Данияр Нарымбаевге "тыйын-тыпыр керек болуп калса, өзүмө келгиле" деп айтып келчүмүн. Президенттин жанында акча табуу эмес, өлкө үчүн иштөө керек. Албетте, Данияр Нарымбаевдин ишине чекитти соттун өкүмү коёт. 
Мен кандай кызматты ээлеген адам болбосун, баары бир уурулукту кечирбейм. Ак үйдү 7-кабатынан баштап паракорчулуктан тазалоо керек. Президенттик аппаратты жетектеп келген адам коррупцияга шектелип кармалды деп жатышат, шыбашса шыбай беришсин, бирок коррупцияга шектелип жатса, мен эч кимди аябайм. Бул окуя президенттик аппараттын кызматкерлерине тыянак чыгарууга сабак болот болуш керек",- деди Алмазбек Атамбаев.
Президентке "Президенттик аппаратты 3 жылдан бери жетектеп келген Данияр Нарымбаев коррупциялык ишке шектелип камакка алынды. Сиз менен бир нече жылдан бери тыгыз иштешип келген адамдын ушундай чуулгандуу ишке шектелип кармалышын өзүңүздүн да катачылыгыңыз катары эсептейсизби?" деген суроо берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан