Ала-Бука районунда аялына ачуусу келип өзүн көкүрөккө сайган жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда аталган райондун тургуну SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда болгон. Анда тамак ичип отурушкан аялы менен күйөөсү сөз талашып уруша кетишкен. Аялына ачууланган күйөөсү ашкана бычагы менен өзүн көкүрөккө сайып жиберген. Мындан улам ал аймактык ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктады.