Бүгүн, 27-июль күнү президент
Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан журналисттер менен жолугушуусунда парламенттик шайлоого байланыштуу мындай пикирин айтты:
"Азыр партиялар бири-бири менен биригип, ирилешүүдө. Алар парламенттик шайлоодон жеңип чыгууда президентке жагып же жакпагандыгы таасир кылбай турганын түшүнүп жатышат. Шайлоонун жыйынтыгын элдин тандоосу, биометрикалык маалыматтын негизинде өтчү добуш берүү чечет. Муну партиялар жакшы түшүнүп турушат. "Бул партия баланча мандат менен, тиги партия түкүнчө мандат менен өтөт" деген күндөр артта калды. Азыр андай болушу мүмкүн эмес жана президентти да сатып алуу мүмкүн эмес. Мен парламенттин кийинки чакырылышына оппозициялык партиялардын келишин каалайм. Анан да бир буту оппозицияда, бир буту коалицияда турган партияларды да көрдүк. Эл өзү тандоо кылат".