Ала-Бука районунда дайынсыз делип эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине аталган райондун Сафед-Булан айылынын тургуну Махира Нурматова кайрылган. Анда ал 16-июль күнү 1994-жылы туулган кызы Эрмамат кызы Мадина 1995-жылы туулган сиңдиси Махина Нурматова менен көчөгө чыгып, ошол боюнча кайрылып келишпегенин айткан.
Эгерде жоголгон кыздар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу билдирип коюшуңуздарды суранабыз: (03722) 7-39-90, (0555) 10-10-58, (0553) 78-00-78, (0555) 08-92-90, (0778) 10-10-58.