Панфилов районунда мал кайтарып жүргөн эки адам уруша кетип, бири экинчисин бычак менен сайып салган

Панфилов районунда мал кайтарып жүргөн эки адам уруша кетип, бири экинчисин бычак менен сайып салган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 26-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда мал кайтарып жүргөн 51 жаштагы К.И. жана 33 жаштагы Б.М. спирт ичимдиктерин ичишип, экөө уруша кетишкен. Мындан улам Б.М. бычак менен жанындагы шеригин сайып салган. Ошол жерден 51 жаштагы К.И. каза тапкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asi89
2015-07-27 13:13:53
Тообо газет окугандан да коркуп калдыкго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан