"Парламенттик шайлоого карата КСДПнын тизмесине таза адамдарды гана алуу талабы коюлду",- деп билдирди президент
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда. Мамлекет башчыга "Күзүндө өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу КСДПнын түзүмүндө принципиалдуу өзгөрүүлөр болобу?" деген суроо берилди.
"Акчасына таянгандар биздин партияда болбошу керек. Тизмеге артында былык иштери жок, Кыргыз Республикасы үчүн жакшы иштерди жасоого умтулган адамдар кошулсун деген талап айтылды",- деди өлкө башчы.