"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине кайрылуу жасаган адамдын аты-жөнү такталууда

"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине кайрылуу жасаган адамдын аты-жөнү такталууда. Ал эми видеокайрылуу боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылуу интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүргөн. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталган. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам-эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.  

Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурун Бишкекте жардыруу уюштурууну көздөгөн топ жок кылынган. УКМК өлтүрүлгөн жана кармалган жарандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экенин жарыялаган эле. Бишкектеги аталган топту каржылап, көмөктөшкөн деп күнөөлөнүп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов аэропорттон кармалып, камакка алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zezim2000
2015-07-27 13:13:46
бул видео кыргызстанда эле тартылгандай корунуп жатат,ушундой оздон чыккан жаттарга мамлекет чара эртерээк колдонбосо болбой калды
+9
Rifle
2015-07-28 01:32:44
Артындагы дарак окшобой жатат го ?
Бизде особу мындай дарак ?
0
Bektur2
2015-07-27 13:24:47
Бул АКШнын саясатты болушу да мумкун
+2
Rifle
2015-07-28 01:31:52
Bektur2,
Биз менен мамилени уздуно эле , ушундай окуя болуп жатат деп айтышы да мумкун .
0
mendiba
2015-07-27 14:03:09
Кыргызга окшош го
0
baymar
2015-07-27 14:24:01
Бул деген политика
-1
admin_media
2015-07-27 14:55:29
Aza96, - эскертүү!
Провокацияга жол жок!
0
kiyalbek.82
2015-07-27 17:16:00
Бакиевдин адамы болсо керек
0
ulik-89
2015-07-27 18:06:56
kiyalbek.82, а Эмне учун бакиевдин адамы бакиев сирияга качкан эмес да
+3
Rifle
2015-07-28 01:33:11
Акаевдики десен ?
0
AFFANCULO
2015-07-27 19:51:39
0
RASTAMAN
2015-07-28 07:34:56
Dinge awykcha berilip ketken
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-07-28 10:38:58
баарына Бакиев куноолуу деп куноонун баарын ага уйуп койгула.... жамгыр жааса да Бакиев куноолуу, кун чыксада Бакиев куноолуу, коншунардын ити олуп калса да Бакиев куноолуу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан