Ысык-Көлгө эс алууга келген 12 жашар кызды эжеси жалгыз таштап кетип, 5 күндөн бери кайрылып келбей жатат.
Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-июлда кабарлады. Окурман буларды билдирет:"Эже-сиңди Казакстандан Ысык-Көлгө эс алууга келишкен экен. Эжеси Жанара сиңдиси Айжанды таштап, "кайра келип алып кетем" деген бойдон 5 күндөн бери дайынсыз болууда. Боз-Териге эс алганы келип, кичинекей кыздын жалгыз ыйлап жүргөнүн көрүп калдык. Ал апасын сагынганын, үйүнө кеткиси келип жатканын айтууда.
Кыргыз жерине киргенде жаңы сим-карта алышкан экен, эртеси күнү телефонун көл жээгиндеги кийим алмаштыруучу жайга таштап кетип, жоготуп жибериптир. Азыр эч кимисинин номерин билбейт экен. Эжеси сиңдисин батирге да жайгаштырбаптыр, эптеп күн көрүүдө. Азыр заман бузулган, жалгыз жүргөн кыз бейбаштарга туш болуп калса эмне болот?"
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.