Көк-Жар конушундагы турак үйдү тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 27-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда 3 адам 25-июлга караган түнү турак үйдү тоноп кеткен. Жашыруун камерага үч адамдын үйдүн ичине кирип, бир нече буюмду колдоруна кармап чыгып баратканы тартылып калган. Маалыматка караганда, тоноочулар 8 миң сом акчаны, 68 миң сомдук зер буюм, кымбат баалуу фотоаппаратты алып кетишкен. Жалпы 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.