“Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 27-февралда ЖКнын жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, мыйзамга эки түзөтүү киргизүү сунушталууда. Биринчиси - Кыргызстанга кирүүгө виза сурап кайрылган адамдарга макулдук берилбесе, мындай баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен беш күндүк мөөнөттө жооп берүү. Экинчиси - убактылуу жашап туруу өтүнүчү менен кайрылган адамдарга баш тартуу себептерин көрсөтүү менен үч күндүк мөөнөттө кабарлоо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан