Омарды бир апта мурун "каралар" кармап кетип, кийин ырчы аларды каматып салганы айтылды

Ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) 27-июлда алдамчылык боюнча айыпталып камакка алынды. Маалым болгондой, Омар жана шериги Нуржанбек Токтогулов “өткөн жылы Талас облусунун жашоочусунан төө буурчак алышып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталышууда. 
Ырчынын атын атагысы келбеген жакын досу SUPER.KG порталына буларды айтты: "Токтогулов Таластагы бир ишкерден төө буурчак алып, убагында бере албай калган. Кийин Омардан суранган, "айтып турчу, 1 айда берем" деп, бирок Токтогулов айтканын аткарбай, Омарды сатып кеткен. Ошон үчүн Омарды кармап жатышат. Бүгүн чыгарып кетебиз, аракет кылып жатабыз. Ал эми Омарды бир апта мурун "каралар" кармап кетишкен, кийин Омар аларды каматып салган. Менимче, алар өчөшүп калган болушу да мүмкүн".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aimeerimka
2015-07-28 10:36:14
Омар биз сени мененбиз каралардыкы отту да .
+1
bolotbai
2015-07-28 10:38:51
Биз сиз мененбиз,шайлоодо сизге кана добуш беребиз.Жашасын улуттар биримдиги партиясы.
-3
Samina007
2015-07-28 10:42:46
оо мына сага "Шоу бизнес жаңылыктары"
0
bakaiBBBB
2015-07-28 10:43:56
Олкону каралар эле башкарып алды окшойт кечее жакында эле эт саткандардан ар бирине доляга оотуруп огол себкптен эт кымбаттаганын уккан элем
+1
mers8
2015-07-28 10:44:27
Омар депутаттыка койуп атабы
-1
Pantherka
2015-07-28 12:01:14
))) азыркы заманда бироого ишенуу кыйын.
0
aikol87
2015-07-28 16:08:48
Кудай ай Эми ушу баланы тынч коюшса жакшы болот эле.Караларга илешип калганго.
0
dubai
2015-07-28 17:40:59
aikol87, илешпесе да каралар оздору таап алышат,алардын иши любой кишинин бизнесине,пайдасына доляга отуруп акча табуу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан