Австриянын Вена шаарында 21-февралда өткөн ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кышкы жыйынына ЖКнын депутаты Роза Акназарова төрайымдык кылды. Жыйындын жүрүшүндө депутат Монако декларациясынын сунуштарын аткаруу боюнча ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын экинчи комитетинин отчётун баяндады.
"ЕККУнун бирден-бир артыкчылыгы катары төрагалык кылган Украина энергоресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын булактарын жандандыруу экендигин аныктады. Бул жаатта кандай иш-чаралар боло тургандыгына кызыкдармын. Буга байланыштуу бул иш-чараларды колдоо катары ЕККУнун Парламенттик ассамблеясын шериктеш болууга чакырам", - деди эл өкүлү.