"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине жасалган видеокайрылуу кайрадан интернетке тарап кетти

"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине жасалган видеокайрылуу кайрадан интернетке тарап кетти. 

Бул кайрылуу интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүргөн. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталган. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.  

Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурун Бишкекте жардыруу уюштурууну көздөгөн топ жок кылынган. УКМК өлтүрүлгөн жана кармалган жарандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экенин жарыялаган эле. Бишкектеги аталган топту каржылап, көмөктөшкөн деп күнөөлөнүп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов аэропорттон кармалып, камакка алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alibi
2015-07-28 11:06:05
Мына сага ушул эле жетпей турат эле бизге
0
tynystan
2015-07-28 11:13:22
Кыргызстан каапырдардын олкосу эмес тескерисинче адамдар каалаган динин тутунуп атпайбы.азыр агитация катуу болуп жатат динге карата буга тездик менен чек коюу зарыл антпесе сирия болуп калабз
0
samina86
2015-07-28 11:15:57
суйлогону башка кылгандары башка
0
topchievMaKsAtBeK
2015-07-28 11:28:25
Болбогон кеп бул видйо кыргыстанда еле тартылганго
0
Bektur2
2015-07-28 11:29:51
АКШ корунгонго тийишкенин качан токтотот ошолордун эле саясаты биз кетер менен терордук топтор чыга баштады деп Россияны жамандап
0
asi89
2015-07-28 11:43:50
Видеосун кайсы жактан корсо болот
+2
bolotbai
2015-07-28 13:51:38
Видеосун жуктоп койбойсунарбы,бир коруп сын пикирлерди айталы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан