Бишкекте 12 күндөн бери дайынсыз делген 60 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1955-жылы туулган Жолдошбек Сманов 16-июль күнү саат 14:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Жолдошбек Сманов - II топтогу майып, сол буту санына чейин кесилген, оң колунда “Зина” деп жазылган татуировкасы бар. Майыптар арабасы менен жүрөт.
Эгерде Ж.Смановду көрүп-билгендер болсо, (0321) 43-28-15, (0701) 41-15-09, (0701) 41-15-08, (0772) 15-49-67, (0550) 10-28-72 номурлары аркылуу кайрыла алышат.