Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 4 адам жабыркады

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-июль күнү саат 23:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 11-чакырымында болгон. Анда 25 жаштагы А.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Тойота Виш унаасы менен 30 жаштагы М.Ж. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Хонда Степвагон унаасы кагылышкан. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу, 3 жүргүнчүсү жана экинчи унаанын айдоочусу жабыркаган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан