Тараптар Кыргыз Республикасында парламенттик демократиянын өнүгүшү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүгө багытталган өлкөнүн шайлоо системиндеги жаңылыктар жөнүндө пикир алмашышты.
Президент жаңы саясий системдин – парламенттик демократиянын артыкчылыктарын көрсөткөн бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарыхый өзгөчө милдетин белгиледи. "Бул систем мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени ширелиштирет, ал эми өкмөт менен парламент толук кандуу бийлик бутактары болуп калышат. Бул бийлик менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү мамиленин болушуна көмөктөшүп, үзгүлтүксүз диалогду калыптандырат",- деди Алмазбек Атамбаев.
Өлкө башчысы алдыдагы парламенттик шайлоону адилеттүү жана ачык өткөрүү менен болочоктогу Жогорку Кеңештин курамынын сапатын жакшыртуу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.