Бүгүн, 27-февралда президент Алмазбек Атамбаев Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууга ЖКнын депутаттары Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков, Ыргал Кадыралиева, Нурбек Мурашев жана Азиз Суракматов катышты. Жолугушууда Кыргызстанда жана Японияда парламенттик демократияны өнүктүрүү тажрыйбасы тууралуу сөз болду. “Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Япониянын зор тажрыйбасын эске алсак, парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү эки тараптуу мамилелерге жакшы түрткү берет”,- деди Алмазбек Атамбаев.