Кадамжай районунда жер адиси пара алып жатканда кармалды

Бүгүн, 28-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алга айыл аймагынын жер адиси, 58 жаштагы И.К. турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн мыйзамсыз 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин (мыйзамсыз акча алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
myshka406
2015-07-28 17:53:13
Кармалган сайын коррупция кучоп жатат.
0
borjomi77
2015-07-29 03:58:33
Мен жашаган айыл.ИК ким жок дегенде фамилиясын жаза кетсенер. Үч жылдан бери чуркап жер ала албай жүрөм.Көрсө жерлер через пара аркылуу берилип жатыптыр да
0
admin_superstan
2015-07-30 10:19:24
borjomi77, саламатсызбы!
Аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу аталбайт. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдун аты-жөнү ИИМдин уруксаты менен гана аталат.
0
Arman
2015-07-30 02:29:18
Borjomi77 Мен да Алгадан болом ' ал ХХХ ХХХ экен
0
admin_superstan
2015-07-30 10:16:47
Arman, эскертүү!
Далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан