Төкмө акын
Азамат Болгонбаев бүгүн, 28-июлда кыздуу болду. Акындын мындан тышкары бир уул, бир кызы бар. Бүгүн
SUPER.KG порталына кубанычы менен тең бөлүшкөн төкмө акын кубанып жатканын жашырган жок.
"Айрымдар катары менен 3-4 кыздуу же балалуу болгондо маанайы түшүп, капа болуп калышат эмеспи. Менимче, балалуу болгондун өзү сүйүнүч. Биринчи баламда кандай сүйүнсөм, ошондой эле кубанып жатам. Канча килограмм экенин так билбейм. Келинчегимдин, кызыбыздын ден соолугу жакшы. Эми ысым тандайбыз",- деди ал.