Ала-Бука районундагы "Бозумчак" кенине кеткен жолду тоскондор административдик жоопкерчиликке тартылышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Бозумчак" кенине кеткен жолду тоскондор административдик жоопкерчиликке тартылышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "жол тосууну уюштурган" делген 3 адамга 3 миң сомдон айып пул салынган.

Айта кетсек, 24-июль күнү митингге чыккандар Ала-Бука – Көк-Таш унаа жолун тосуп алышып, жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүүлөр болушу керектигин жана ички чарбалык жолдорду оңдоону талап кылышкан. Эртеси эртең менен тарап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-07-28 17:35:27
Кечээ дагы спец.наздар кетишкен эле. каякка экенин билбейм, бирок ото коп отушкон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан