Ички иштер министрлиги ырчы Омардын кармалышы боюнча расмий билдирүү таратты

Ички иштер министрлиги ырчы Омардын кармалышы боюнча расмий билдирүү таратты. Билдирүүдө: “Милицияга Талас районунун тургуну 6-апрель айында кайрылып, "Бакай-Ата районунун тургуну Нуржанбек Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев 40 тонна төө буурчак алып, акчаны бербей жатат" деп билдирген. 16-апрель күнү “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө аталган жарандардын ишкерден көп көлөмдө төө буурчак алышканы аныкталган. Мындан улам 21-июль күнү Нуржанбек Токтогулов кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми кечээ, 27-июль күнү Өмүрбек Жанышев Талас райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылып, жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Андан соң протокол түзүлүп, Жанышев камакка алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”,- деп жазылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Takai
2015-07-28 18:10:45
Эгер сен кылмыш кылсан, сага азыр бир тууган, таанышын дагы жардам бере албайт. Жакын досун мына "сатып кетти" деп жатат. Эмне Нарымбаев менен Түлеев, Ташиев, Коркмазов жана башкаларга иштеген мыйзам бир Омарга иштебей калабы? Ооба "алданып калды, это подстава" деген кептерди уктум. Бирок сот таза иштеп, Омар ак болсо коё берсин. Аны алдаган адамдар бар чыгар. Ошолорду тартсын жазага.
+3
sagyn01
2015-07-28 18:12:18
Омардын колунан мындай иш келбейт деп так коруп билип тургандай айтпагыла, ооба биз аны жакшы адам деп билебиз, ал эми чын тогун бир гана Аллах билет.
+5
Edik_86
2015-07-28 18:19:35
омар акча алс толошу керек да мыйзам барына бирдей болушу керек
+4
konya
2015-07-28 19:27:22
Ырчыларды да кармай баштады Кыргызстан гиннестин китебине киребиз жакында
+2
tolkunbek1991
2015-07-28 19:28:44
40 тонна болсо оной акча эмеско.
0
Birbaw97
2015-07-28 19:37:29
Омардын фасольду алганы тууралу милиция органы аныктап айтып жатпайбы! Эми адамдар намаз окуйм жэ клип тартса эле ыймандуу дэйберебизби? Коруб жатабызго кырдалды Кыргыз жэрибизде кандай болуп жатканын
+1
elgiz0890
2015-07-28 19:51:31
Омар андай жолго барбайт чыныгы постава. Бул каралардын иши .
0
karona
2015-07-28 20:21:15
Бул информация жалган болуп чыгышын каалайт элем, Омарды ыймандуу жигит катары эскптейбиз, бирок акча алып атайын бербей жургону чын болсо анда жазасын алыш керек. Анда "ыймандуу ырчыбыздан" тунулобуз.
+2
Nemo_0587
2015-07-28 20:25:20
Алса алгандыр, жесе жегендир, силер билип коюпсунарбы кандай адам экенин. Бироонун мээнетин жеген болсо жооп берсин. Ырчы, саясатчы болсо эле эмне.
+5
eldar87
2015-07-29 01:00:51
Nemo_0587, эн туура то лос ун
,
0
Sadyrov_n93
2015-07-28 22:50:50
Айыбы чын болсо жазасын алсын.Сыртынан баары эле жакшы корунот да,ичине кирип чыккандай айыбы жок дейсинер да.
+2
Maksat81
2015-07-28 23:52:20
Мыйзам иштесе жакшы, тоок уурдаган карапайымдар эле соттолуш керекби. Азыр намаз окуган киши эле ыймандуу окубагандар бузулган киши дегендерге тан калам.
+4
Altun76
2015-07-29 01:22:30
Адам башына нелер кана тушбойт,Омар деле мындай кылам деп ойлобосо керек,Кыргызстанга таанымал адам
0
miraiymka
2015-07-29 01:34:21
элдер эмне эле дурболонсунор,бул жерде Омардан 40тонна фасоль алып жатпайбы ОМАР алса тиги экоону убактылуу кармоочу жайга отургузмак беле,билдирууну теренирек окуп тушунуп анан паника кылсанар!!!
-1
Kg.lady
2015-07-29 05:25:46
miraiymka омей Омар менен шериги алды деп туратго!
-1
nurik903
2015-07-29 01:50:34
билбейм адамдар эмне эле болуп баратат бирок
Омар андай адам эмеско менимче
-3
Aizek02
2015-07-29 10:06:48
Бизде кызыктай тушунук бар Намаз. Окуйт калп. Айтпайт деген чындыгында ошондой болуш керек бирок коомдо намаз окуп даватка чыгып кайра тескери иштерди кылган. Адамдар коп эле бир эле кудай билет Омардын эмне кылганын.Билбей туруп жактай берген туура эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан