26-февралда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арчалы айылынын 57 жаштагы тургуну Б.Б. ири өлчөмөгү баңгизат менен кармалды. Укук коргоо кызматкерлери аталган жарандын үйүн тинтүүгө алганга 14 килограмм 310 грамм марихуана табылган. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.