Сары-Челек коругуна кызматтык унаасы менен мыйзамсыз кирген подполковникке кылмыш иши козголду

Сары-Челек коругуна кызматтык унаасы менен мыйзамсыз кирген подполковникке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 22-июль күнү болгон. Анда Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринин командири, подполковник Д.С. жана башка аскер кызматкерлери Сары-Челек биосфералык коругуна келишкен. Бирок коруктун кызматкерлери аталган жайга киргизишкен эмес. Мындан улам Д.С. корук кызматкерлерине күч колдонуп, алар коруктун ичине кызматтык унаасы менен киришкен.

Учурда “бейбаштык” жана “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сары-Челек коругуна кызматтык унаасы менен мыйзамсыз кирген подполковник
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
uragan007
2015-07-28 17:59:47
конумуш адат го мындай. формачандарга баардык нерсе боловерет бизде
+2
Rifle
2015-07-28 19:09:06
Боловервейт. Жазасын алсын. Удостоверения корсоткон окшойт да. Кызык ушулар, туалетке да корсотуп бекер кирем дейт.
+2
uragan007
2015-07-28 22:44:34
Rifle, ха ха ха.
0
Takai
2015-07-28 18:02:01
Ичип алган го. Соо неме минтип кирмек беле?
+1
karona
2015-07-28 20:00:55
Takai, ичкен эмес болуш керек, креслосуна ишенип сузуп кирип баргандыр да.
+1
salmanbet
2015-07-28 18:11:50
Милицияны реформалоо кылбаса болбойт,мвдны тазалап кайра башынан,жаны жашыраак балдардан алыш керек,антпесе мындайлар кайталана берет
+1
omurbek1990
2015-07-28 18:51:57
salmanbet. Бул жерде милициянын тиешеси жокко дейм. Аскер болугунун деп турбайбы. Военный менен милиция эки башкада.
+1
karona
2015-07-28 20:03:18
Закон карапайым элге эле иштей бербей ушуга окшогон чыт курсактарга да иштеш керек! Азамат, ким сотко берген болсо ошол адам эрктуу экен!
0
joni.joni
2015-07-28 21:12:00
ушуга окшогондорду атамбаев озу башында туруп соттотуп жазасын берсе ошондо эл башка эч кимди президенттикке шайлабаса керек еле.антпесе булда ерттен бир жери оорукчан болумуш болуп кутулуп кетет.кармалды деп еле угам соттолду деген соз дегеле жокко.кармалгандар эмне болуп атышат???
0
Nurum15
2015-07-29 09:18:27
Мындай корунуштор айтылып эле кала берчу жакшы , чара коруло баштады. Минтип чара корбосо дагы башкалары келип каалаганын кыла беришмек.Байкасанар, дрыщка, Таластык зордукталганга, дагы-дагы башкага конул бурула баштагандай, кудайга шугур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан