1-3-март күндөрү Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында жаштар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Маалым болгондой, бул иш-чара эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Раджап Жанаевдин урматына уюштурулууда. Анда Кыргызстандын жана Казакстандын 1996-1997-жылы туулган жаш спортчулары күч сынашмакчы.