
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри
Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья
Аман Сариев окуп берген.
Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес. Ал эми 2015-жылы 21-январда Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. 2015-жылы 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголгон. Учурда Н.Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралууда. Анын акталышына жардам берем деп ЖКнын депутаты
Хаджимурат Коркмазов 2015-жылы 15-июлда Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы
Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулган. Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
Сапар Исаков Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. Ал эми 1999-2003-жылдары Эл аралык университетте окутуучу, 2003-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Сапар Исаков 2007-жылдан тартып өкмөттө жана президенттик аппаратта эл аралык кызматташуу, байланыштар, тышкы саясат бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеп баштаган.
* Мындан 157 жыл мурун, 1858-жылы англиялык изилдөөчү Жон Спик тарабынан Африкадагы Виктория көлү ачылган.
* Мындан 94 жыл мурун, 1921-жылы Адольф Гитлер Улуттук-социалисттик немистик ишкер партиянын лидери болуп шайланган.
* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы орусиялык композитор, продюсер Игорь Крутой туулган. Игорь Крутой "Жаңы толкун", "Жылдын ыры", "Таңкы почта" долбоорлорунун продюсери болгон "АРС" продюсердик фирмасынын ээси. "Жылдыздар фабрикасы-4" сынагынын музыкалык продюсери. Игорь Крутой бала кезинде баян черткенди үйрөнүп, мектеп ансамбли менен сахнага чыгып жүргөн. Музыкалык мектепти бүткөн соң кировограддык музыкалык окуу жайына тапшырып, 1974-жылы аны артыкчылык менен аяктаган. 1979-жылы Николаев мамлекеттик педагогикалык институтунун дирижёр-хордук бөлүмүн бүтүргөн. Ошол эле убакта ресторандарда иштеп Александр Серов менен таанышып, ага ыр жазып берчү. 1981-жылы Валентина Толкунованын ансамблине алгач пианист болуп чакырылып, андан кийин башкаруучусу болгон. Игорь Крутойго алгачкы ийгилик 1987-жылы "Мадонна" аттуу ыры менен келген.