Армения президенти Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду

Армения президенти Серж Саргсян Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу нотаны Армения Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөнүн бүгүн, 28-июлда өкмөт жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Бешимов: "Казакстандын бул жааттагы нотасы жакынкы күндөрү келип түшөрү күтүлүүдө",- деп айтты.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган. Аталган мыйзамга Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 13-июлда, Беларустун президенти Александр Лукашенко 24-июлда кол койгон. 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламенттери келишимди жана бир катар протоколдорду ратификациялап, аларга президенттери кол койгондон кийин Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан