Өкмөт башчы Темир Сариев 28-июлда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү чаралары” боюнча буйрукка кол койду.
Аталган буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу" жарлыгын аткаруу жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо” боюнча конституциялык мыйзамы жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү боюнча" мыйзамына ылайык, шайлоо кампаниясын өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү жана камсыздоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү максатын көздөйт.