Алмазбек Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койду. Бул тууралуу 28-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал 2008-2011-жылдары Ош шаарында башкы архитектор болуп иштеп, 2011-жылы май айынан тартып Бишкек шаары боюнча Архитектура башкармалыгын жетектеп келген.