26-февралда уурулук кылмышына шектелип Бишкектин Биринчи Май райондук күзөт кызматкери Р.З., Ош облусунун тургуну М.Р. жана Жалал-Абад облусунун тургуну Э.М. аттуу жарандар кармалышты. Алар 1 даана телефон жана 100 сом уурдоо боюнча айыпталышууда. Маалым болгондой, милицияга Бишкектин 45 жаштагы тургуну М.А. аттуу аял кайрылып, белгисиз 3 адам телефонун жана акчасын алып алганын айткан. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.