Ысык-Көл. Кызыл-Суу айылында Жаштар борбору ачылды

Бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында  Жаштар борбору ачылды. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин статс-катчысы Нурлан Досалиев, облустагы район, шаар жетекчилеринин социалдык маселелери боюнча орун басарлары, жаштар өкүлчүлүгү катышты. Борборго облустук өкүлчүлүк тарабынан бир компьютер, Жети-Өгүз райондук администрациясы тарабынан бир компьютер белекке берилди. “Мындай борборлорду облустун ар бир район, шаарларында да ачууну пландап жатабыз. Себеби жаштарыбыз үчүн заманбап жана функционалдуу Жаштар борборлорун уюштуруп, аларга колдоо көрсөтүү - учурдун талабы. Жаш муундун өкүлдөрүн чыгармачыл иш-аракеттерге активдүү катышууга үндөшүбүз керек",- деди Кайыкова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан