Кытайда 30 жаштагы аял 2 жаштагы баласын куткарып, өзү эскалатордун ичине кирип кетти

Кытайдын Цзинчжоу шаарындагы соода борборлорунун биринде 30 жаштагы аял 2 жаштагы баласын куткарып, өзү эскалатордун ичине кирип кетти. Кырсык 26-июль күнү саат 10:10до катталган. Видеодо көрүнүп тургандай, Сян Лиуюан аттуу жаран баласын колуна көтөрүп эскалатор менен жогору карай бараткан. Эскалатордон чыгып, темир металлга бутун койгондо темир металл астына түшүп кеткен. Колундагы баласын соода борборунун кызматкерлерине берип, өзүнүн бутун чыгара албай эскалатордун астына кирип кетти. Чет өлкөлүк маалымат каражаттары видео социалдык түйүндөргө тарап, Кытайда чоң талкууну пайда кылганын жазышууда.  
Маалым болгондой, кырсык болгон учурда эскалаторду ачуу үчүн атайын куткаруучулар чакырылган. Бирок 4 саат убакыт өткөндөн кийин аялдын жансыз денесин алып чыгышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 
Кытайда 30 жаштагы аял 2 жаштагы баласын куткарып, өзү эскалатордун ичине кирип кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
doni89
2015-07-29 13:56:40
Жаман болуптурго кырсык каш кабактын ортосунда деп бекеринен айтылбайтда.
+3
beka1207
2015-07-29 15:19:54
Эне журогуно дагы бир ирет тан бердим.
+2
nur_2010
2015-07-29 16:38:48
видеосун коро алган жокмун.журок чыдабады темасын окуп эле.жаткан жери жайлуу болсун.баласы апасын чонойгондо эскерип турса болду
+1
miracle_m
2015-07-29 17:07:35
Эххх журогум. Тигилер эмне эсин ООП карап турат.
0
Aipri
2015-07-29 17:25:19
Жаман болуптур. Ошол нерсени козолдосо болмок.
0
samat9595
2015-07-29 17:39:00
Кытайларда кытайский кылып койсо керекда эскалаторду
+7
BAIELER81
2015-07-29 18:25:34
Кудай сактасын жаман болуптур.....
0
KGstan81
2015-07-29 20:14:40
Мен бир окуяны эстеп кетим чон балам боок кезинде уйдо бешикте жатчуу мен жубайым менен кочодо иш кылып жургон кезде жер титиреп кетти мен уйго чуркап кирип бешикти которуп астанага туруп алдым.Так что ата мээрими дагын кучтуу болот
+2
mmambet94
2015-07-29 20:33:09
Эээх кытайлар сапаттуу кылып жасаганда мындай болмок эмес, Кудайдан, ушул сыяктуу техникаларды чыгаруучу ишкерлерге Кудайым ынсап, акыл эс, ыйман берсин, жана ошолор сапаттуу нерселерди чыгарышсын, деп кана тиленгенден башка айла калбады
+1
dubai
2015-07-29 21:22:55
нерви,журогу слабый адамдар корбой эле койгула,журок чыдабайт...мен 27си жанылыктан коруп бир топко чейин жаман ахвалда журдум,аял бери жакта турган сатуучу кыздарга бере салып озу бечара буту кысылып чыгарып улгурбой астына кирип кетти,мясорубка киргендей эле жок болуп кетти,бир канча убакыттан кийин тууралган денесин чыгарышыптыр...жайы жаннаттан болсун.
+3
Nur1k_
2015-07-30 02:13:22
Супер инфо, скачать этиш үчүн медиа портал жака кирип издеп анан скачать этиш керек экен. Ушул жерге видеонун астына көчүрүп алуу үчүн деп ссылка коюп койсоңор. Соңку кабардагы видеолорго
+1
admin_superstan
2015-07-30 10:20:43
Nur1k_, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Карап көрөбүз.
0
Gulnaz.GS
2015-07-30 08:04:31
Ажал айтпай келеткенда
0
nelya88
2015-07-30 08:53:50
Ай,корбой эле койбой!.. Журогум ооруп жатат.Тан эртеден бери жакшы маанайда журуп,эми кызыгып жанылыктарды окуй койгом да..
0
sezim_osmonalieva111
2015-07-30 23:00:46
Ким айтты эскалатор китайский деп?Дуйнодо 3-местада го по импорту...Эскалатор иштебей турган озу,ал аял суранган жандырып коюшун,ал эми куйоосу жоо кеткен..
0
insap
2015-07-31 09:07:03
Энелик сүйүү, енелик меерим ушундай иштетет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан