Ошто ишкердин үйүн карактоого даярдык көрүп жаткан кылмыштуу топ кармалды

Ошто ишкердин үйүн карактоого даярдык көрүп жаткан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 28-июль күнү Баялинов көчөсүндө жеңил унаа токтотулуп, уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган. Алардын бири 1986-жылы туулган И.С. Алай районундагы карактоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Ал эми калгандары эки жолудан соттолушкан. Унаасын кароо учурунда тапанча, бет кап, кол кап, бычак табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ASALARI
2015-07-29 13:36:18
Шумдугун кургур олуп еле калбайсынарбы ошондон коро мыкаачылар. Качан карасан кайсыл сайтка кирбе каяка барсамда бут эле Кыргызстан да ушундайлар кобойуп кетти. Уялам даже кыргыздын кызымын дештен себеби недесемда сенин кыргызын жаман деп шартбетиме чапташат. Олло согуп салайын дейм банга кетемда
+3
komsomol85
2015-07-29 17:27:15
ASALARI,кыргызды кызымын ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-29 17:31:24
komsomol85,
Жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар.
0
Rifle
2015-07-29 13:50:51
Курал сатып алып коюш керек окшойт. Астанадан бир кадам аттаганда, экинчи кадамына жыгыла тургандай кылып атыш керек.
+1
EdikoKG
2015-07-29 13:52:27
Эхх...
0
chalkan
2015-07-29 14:23:13
Мындайларды колу бутуна кишен салып, ашууларда тоннель каздырыш керек, же концлагерге камап сөөгү калганда чыгарып коюш керек го. Деги эмне мыйзам керек.
0
kyrgyz.93
2015-07-29 15:42:38
Жашырбай Аты жонун толук эле жазбайсынарбы кылмышкерлерди да жап жашыра бербей
+4
kirgizstan
2015-07-29 15:52:16
Бироонун зордукталып токмок жегенин толук аты жонун жазып жарыя кыласынар. ушуга окшогон мыкаачыларды А.Б. Деп жашырып жазгандан кору, чыгарбай эле койгула. ушу мыкаачы зоокурлорду эл билсин толуктап анан жазссанар
+2
admin_media
2015-07-29 16:16:53
Саламатсыздарбы!
Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү, сүрөтү укук коргоо органдарынын уруксаты менен жарыяланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан