Майлуу-Суу шаарына жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 13:31 чамасында болгон. Анын очогу Майлуу-Суу шаарынан 10 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Ал эми Майлуу-Суу шаары менен Көк-Таш айылында жер силкинүүнүн күчү 2,5 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.