Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде кызмат абалынан пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын март айында аталган департаменттин кызмат адамы мыйзамды бузуу менен Кытай Эл Республикасынын жараны Л.Ц. аттуу айымга айдоочулук күбөлүк берген. Учурда “кызматтык жасалмачылык”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.