Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 28-июлда Бишкек-Ош унаа жолунун 289-чакырымында болгон. Анда Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми 3 адам оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.