Жылнаама, 30-июль: Мындан 68 жыл мурун “Терминатор” тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер туулган

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы ырчы Алекс Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. 2011-жылы "Мистер шоу-бизнес" сынагында баш байгени алган. "Асылым сен", “Махабатым” аттуу ырлары менен эл оозуна алынган. Ал Ассоль Молдокматова менен иштешип, ЭлТР коомдук телеканалындагы "Кутман таң" берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы Уругвайда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугунун финалы "Сентенарио" стадионунда, Монтевидео шаарында өткөн. Беттеште Уругвай менен Аргентинанын курамалары ойноп, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсеби менен утуп алган. "Сентенарио" стадиону атайын ушул беттеш үчүн курулган. Мелдеш жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө башталган. Трибунада болжол менен 60 миң уругвайлык жана коңшу Аргентинадан кемелер менен сүзүп келген 20 миң аргентиналык күйөрман болгон. "Селестенин" капитаны Хосе Насасси Дүйнө кубогун көтөргөн алгачкы капитан болгон.

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы Америкада NBC телеканалында «Санта-Барбара» сериалы 1984-жылдын 30-июлунан 1993-жылдын 15-январына чейин көрсөтүлгөн. Сериал 9 сезон, 2137 сериядан турат. Ал Санта-Барбара шаарында турган, жашоосу окуяларга толгон бай Кэпвелдердин үй-бүлөсү тууралуу. Сериалдын продюсерлери: Брижит Добсон, Жером Добсон, Жон Конбой.
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бү­лөсүндө туулган.
Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия мырзасы”, “Европа мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле, анткени Арнольд өтө эле арык жана бою узун болгон. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортчу жумасына жети күн 3-4 сааттан машыккан.
1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери биринин артынан бири эл алдына тартуулана баштайт. Мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” чыгарылган. Кийинки жылдары чыккан жана хитке айланган кинолору: “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” жана башкалар. Булардын ар биринен 30 миллион доллардын тегерегинде киреше тапкан.
1986-жылы “Чуркаган адам” фильмине тартылуу убагында АКШнын мурунку президенти Кеннединин жээни, тележурналист Мария Шрайверге баш кошкон. Атактуу саясатчынын үй-бүлөсүнө кошулуудан Арнольд жаңыча жолго түшкөн. Ал саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышарын айтат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон актёр губернатордун тактысына отурары менен эле киного тартылууну азайткан. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган.
* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы белгилүү француз актёру Жан Рено (чын аты-жөнү Хуан Морено-и-Хедирик Хименес) Марокконун Касабланка шаарында төрөлгөн. Ал Париждеги Чоң театралдык мектепти бүткөн. Актёр бардыгы болуп 60тан ашык тасмага тартылган. Жан Рено көптөгөн
киносыйлыктардан сырткары Франциянын эң бийик наамы деп эсептелген Легион Ардак ордени менен сыйланган.
30-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janybek.
2015-07-30 02:26:45
клaссс
0
Aman97kg
2015-07-30 11:47:00
жакшы жанылык экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан