Кылмышкерди кармоого милиция кызматкерлери менен МАИчилер тартылган. Натыйжада 28-июль күнү кечинде Кемин – Бишкек унаа жолунда шектүү катары Фольксваген Пассат унаасы менен Тоң районунун 43 жаштагы тургуну К.Т. кармалды.
Маалыматка караганда, ал жеңил унаасы менен кызды сүзүп, түн ичинде качып кетүүнү көздөгөн.
Шектүүнүн унаасын текшерүүдө кан болгон чачтар табылган. Бүгүн тергөөнүн жүрүшүндө жол кырсыгы болгон жерден дагы башка далилдер табылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.