Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына Польша мамлекетинин жараны агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-июль күнү саат 19:40 чамасында Польша мамлекетинин жараны, 1979-жылы туулган Миколай Ланецкий Шелк Исфайрам дарыясына агып кеткен. Аны издөө иштерине 6 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон жок.