Ысык-Көл облусунун Кенсан капчыгайында таш кулап, литвалык турист каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда Литва Республикасынын 8 жараны Каракол-Көл-Төр-Алтын-Арашан маршруту менен чыгып кетишкен. 29-июлга караган түнү Кенсан капчыгайындагы Чоң-Өзөн-Батыш музунда таш кулап, анын кесепетинен 1 аял каза тапкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөп кетишти.