Жети-Өгүз райондук электр тармактарында электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды

Жети-Өгүз райондук электр тармактарында электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын январь айында Жети-Өгүз райондук электр тармактарынын жетекчилиги пландын аткарылбай калгандыгына байланыштуу 1,4 миллион киловатт-саат электр энергиясын эсептен чыгарган. Аны жабуу үчүн жалган акт түзүшүп, “Кашка-Суу” насостук станциясына 2 миллион 681 миң сом дебитордук карызды жазып коюшкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2015-07-30 12:27:47
Nemo_0587, саламатсызбы!
Ката түзөтүлдү. Рахмат!
0
Мэри
2015-07-30 12:54:18
Негизи, туура эле болчу, анда "подстанция" деген сөз кайдан чыккан, ал ошол "электр станциясынан" улам келип чыккан нерсеби же "электр тармагынан" келип чыкканбы? Анда "подсеть" болуш керек беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан