"Чектөө катуу болгонуна карабай жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына былтыркыга салыштырмалуу көп абитуриент кабыл алынды",- деп билдирди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн, 30-июлда. Министр окуу жайлардын бюджеттик орундарына кабыл алуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
"Быйыл 25 135 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн 110дон ашык упай алган, бул былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга көп. Болжолдоого карабай быйыл бюджеттик орундарга кабыл алуу планы 12 пайызга ашык аткарылды. Абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы "3" деген баага окугандарга катуу чектөө коюу боюнча өкмөттүн токтомун бузбай, жакшы натыйжага жетишкенибизди көрсөттү",- деп билдирди Сариева.
Жакында аталган министрлик өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен биргеликте жогорку окуу жайларда окуунун бааларынын жаңы формасын орнотуу демилгесин талкууга коёру айтылды.
Айта кетсек, быйыл бюджеттик орундарга жалпы республикалык тестирлөөдөн 110дон аз упай алган абитуриенттер кабыл алынган жок.