Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айыл өкмөттөрүндө атайын топтор түзүлүп, жол жээгинде жайгашкан тал-теректерди жана жапайы бак-дарактарды бутоо, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул иш-чара Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын уруксаты менен жасалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Дарактарды бутоо иштери жаздын жакындап келишине байланыштуу уюштурулууда.