Ала-Бука районунда дайынсыз делген эже-сиңди табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине аталган райондун Сафед-Булан айылынын тургуну Махира Нурматова кайрылган. Анда ал 16-июль күнү 1994-жылы туулган кызы Эрмамат кызы Мадина 1995-жылы туулган сиңдиси Махина Нурматова менен көчөгө чыгып, ошол боюнча кайрылып келишпегенин айткан. Өздөрүнүн сүрөттөрүн интернеттен көрүшкөн кыздар ата-энелерине телефон аркылуу байланышка чыгышып, үйлөрүнө барышкан.