Бишкектин Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаа күйүп кетти. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок.
"Жолдун жээгине токтоп, сыртка чыгып телефон менен сүйлөшүп, кайра унаамды айдайын десем от албай койду. Унаанын ичи бензин жыттана баштаганынан капотун ачып карасам, өрт тутана баштаган экен. Жакын жердеги көп кабаттуу үйдүн жанынан суу агып жатыптыр. Чакалар менен суу ташып чачсак от өчпөй, кайра күчөй баштаганынан өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык. Өрт эмнеден чыкканын билбейм",- деди атын атагысы келбеген унаанын айдоочусу. Өрттү өчүргөнгө жетишип калган өрт өчүрүүчүлөрдүн бири
Урмат Токторбаев:
"Айдоочунун жанында өрт өчүрүүчү баллон жок экен. Эгер болгондо өзү эле өчүрүп калууга жетишмек. Бизге чакыруу түшкөн соң 6 мүнөттө келдик. Бир аз кечиксек унаа толугу менен күйүп кетмек ",- деген пикирин айтты.