Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунда экс-муфтий Чубак ажы Жалилов боюнча сот иши башталды. Жалиловго "милдеттүү камсыздандыруу милдеттемесин аткарбаган жана салык төлөгөн эмес" деген айып тагылууда. Соттук отурумда жактоочу Акин Токталиев Жалиловдун негизсиз айыпталып жатканын айтты. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 31-октябрында УКМК "мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирген" деген айып менен Чубак ажы Жалиловго кылмыш ишин козгогон. Анын баш коргоо чарасы катары өлкөдөн эч жакка чыкпай тургандыгы тууралуу тил кат жаздырылып алынган.